Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Орусияда жаңы консулдук ачылды


БИШКЕК. Орусиянын Новосибирск шаарында Кыргызстандын вице-консулдугу ачылды. Бул тууралуу бүгүн вице-консулдуктун жетекчиси Екатерина Мартышева билдирди. Анын айтымында, былтыр Екатеринбургда ачылган консулдук Кыргызстандан барып иштеп жаткан атуулдардын мүдөө-талаптарын канааттандырууга жетише албай калгандыктан, Новосибирск шаарында да вице-консулдук ачууга түрткү болду.

Новосибирск шаарында азыр ырасмий каттоодон өтүп иштеп жаткан Кыргызстандык төрт миңден ашуун жаран бар. Алардын 101и шаарда турууга укук алган. Ал эми жалпы Орусия боюнча ырасмий каттоодон өтүп иштеп жаткан кыргыз атуулдарынын саны 300 миңден ашык жана катталбай иштеп жүргөндөрдүн саны 500 миңге жетет деген ырасмий эмес маалыматтар бар.

Ушундан улам азыр Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги тышкы иштер министрлиги менен бирге Орусияга зарыл эмгек мигранттарынын санын аныктоочу программа даярдап, эмгек мигранттарын ошонун негизинде жөнөтүүнү көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG