Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Өкмөт ишканалардын карызын кантип төлөөрдү билбей жатат


БИШКЕК. «Кыргызгаз» ишканасы менен кудуретсиз болуп калган «Айнек» акционердик коомунун ортосундагы 474 миллион сомдук карызды жоюу маселесин эми сот чечет. Мындай чечим бүгүн өкмөт жыйынында кабыл алынды. Экономика жана өнөр жай министри Амангелди Муралиевдин айтымында, «Айнек» акционердик коому кудуретсиз болгондон кийинки мүлкүн тизмеге алганда болгону 5 миллион сомдук гана кайтарым болору аныкталган. Анын карызын төлөөгө «Кыргызгаз» ишканасынын жетекчилиги макул болгон. Бирок жалпы карыздын кеминде 391 миллион сомун Каржы министрлиги Социалдык фонддун эсебинен төлөтүп, ишкананы кудуретсиздиктен сактап калуу керек деген маселе күн тартибине чыккан. Жыйында Экономика министринин мындай сунушуна Каржы министрлиги менен Соцфонддун жетекчилери каршы болушканда премьер-министр Николай Танаев талашка чекитти сот койсун деген чечимге келди.

XS
SM
MD
LG