Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

«Дастандын» акциясы качан сатылаары белгисиз


БИШКЕК. Кыргызстан Орусияга «Дастан» акционердик коомунун 40 процент акциясын качан сатаары белгисиз. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Николай Танаев билдирди. Анын айтымында, акция Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аскерий-техникалык кызматташуу маселеси толук айкындалгандан кийин гана сатылышы мүмкүн. «Ага чейин акция сатылат деп эки тарапты тең будамайга салуунун кереги жок»,-деди өкмөт башчы.

Ал «Кыргызтелеком» ишканасынын 51 проценттик акциясын сатуу аракетин көрүүдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин ишин канааттандырарлыксыз деп баалады. Анын айтымында, парламент өкмөттүн менчиктештирүү саясаты тууралуу толук маалымат алган жери жок жана Мамлекеттик комитет парламенттеги тийешелүү комитет өкүлдөрү менен жеткиликтүү иш жүргүзбөй жатат.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков Эл өкүлдөр жыйыны «Кыргызтелекомдун» акциясын сатууга тыюу салуусун мыйзамсыз жана негизсиз деп баалап, депутаттар мындай чечимге шайлоо алдында саясий упай топтоо үчүн гана барышты деп билдирди.

XS
SM
MD
LG