Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Таластын шайлоо комиссиясы 10-октябрдагы кемчиликтерди тактады


ТАЛАС. 10-октябрда өткөн өнөктүктүн эң башкы кемчилиги деп шайлоочулардын тизмелерин тактап-түзүүдө айыл өкмөттөрүнүн илең-салаң иштерине райондук акимдер да кайдыгер мамиле жасагандыгы белгиленди. Добуш берүүгө келишкен 55,9 пайыз шайлоочунун дээрлик 2 пайызы тизмеге киргизилбей калган. Бул 2 миңден ашуун шайлоочунун укуктары бузулду дегендик.

Шайлоого деп бөлүнгөн акчадан облшайлоокомго зарыл сумма берилбегендиктен айыл өкмөттөрүнө бирден кызматкерлерди тизме тактоого убактылуу иштетүү да оң чечилген эмес. 115 участоктун ичинен 81нин төрагалары мурда шайлоо ишине аралашпагандай болуп чыкты. Алар да юридикалык, процедуралык каталарды кетиришти. Натыйжада Манас районунан 3, Карабуура районунан 1 депутаттын мандаттарын токтотууга туура келди. Студенттерге паспорт берилбегендиктен алар да добуш берүүгө катыша алышкан жок.

XS
SM
MD
LG