БИШКЕК. “Эгерде белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун апта аягына чейин табылбаса “Эл үчүн реформа жана Акаевди отставкага кетирүү” кыймылы президент Аскар Акаевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү боюнча кол топтоону уюштурат. Бул тууралуу аталган кыймылдын жетекчиси Азимбек Бекназаров бүгүн “Азаттыкка” билдирди.
Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бузурманкулов бүгүн маалымат жыйынында "Турсунбек Акундун дайынсыз жоголушуна байланыштуу окуядан кайсы бир күчтөр, айрым адамдар “жебени” бийликке каршы буруп, аброй алууну максат кылышууда. Турсунбек Акун аман-эсен кайтып келгенден кийин, бул маселе иликтелип, күнөөлүлөргө карата катуу чара көрүлөт" деп билдирди.
Анын айтымында, учурда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн орун басары Октябрь Урманбетовдун жетекчилиги астында укук коргоочуну издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бирок азырынча майнап жок.