Америкалык контингент НАТОнун стабилдүүлүк орнотуу күчтөрүнүн курамына кирчү. 2-декабрда альянстын аскерлерин Евробиримдиктин күчтөрү алмаштырууга тийиш.
1992-95-жылкы Балкан согушу аяктагандан кийин Босния-Герцеговинага НАТОнун 7 миңдей жоокери жайгаштырылган. Түндүк альянстын байланыш кеңсеси жана чакан сандагы аскерлери өлкөдө кала берет. Алардын башкы максаты - согуш кылмышкерлери Радован Каражич жана генерал Ратко Младичти издеп табуу болуп саналат.