Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Эларалык коомчулук Украинадагы окуяларга өз реакциясын билдирүүдө


Евробиримдик шайлоонун жыйынтыктарын жарыялабай туруп, аларды кайра карап чыгууга үндөөдө.
Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэль Баррозо азыркы кризис шаркеттин Киев менен мамилелерине терс таасир тийгизбейт деген үмүтүн билдирди.

Биримдиктин тышкы саясатын жетектеген Хавьер Солана жекшемби күнкү шайлоо эреже бузуулар менен коштолгонун белгиледи:

- Биздин пикирибизде Украинанын шайлоо комиссиясы бурмалоо фактыларын эске албай туруп эле жыйынтык чыгарып салды. Евробиримдик менен Украинанын келечек алакалары өлкөдөгү демократилык процесстерге жараша өнүгөт.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы, Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси ырасмий Киевди добуш берүү маалындагы мыйзам бузууларды иликтеп чыгууга чакырды.

XS
SM
MD
LG