БИШКЕК. Кыргызстандын жаш окумуштуулары мындан ары президенттик сыйлык алышат. Президенттин сыйлык берүү тууралуу жардыгына ылайык ал эки жылда бир жолу илим изилдөө тармагында таланты байкалган жаштарды колдоо үчүн берилет. Өлчөмү 7 миң сом турган сыйлыкты татыктууларга президенттин сыйлык берүү комитети ыйгарат. Жардыкка ылайык 2005-жылдан тарта жаш окумуштууларга берилчү сыйлыкка кетчү каражатты республикалык бюджеттен кароого өкмөт милдеттендирилди. Ал эми сыйлык берүү комитети татыктууларды тандоо, ыйгаруу жана төш белги жөнүндөгү жобону иштеп чыкмак болду.