Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Британия Палестин автономиясындагы шайлоону колдоду


Британиянын тышкы иштер министри Жэк Строу бүгүн Рамаллада Палестин жетекчилиги менен кездешти жана 9-январда болчу президенттик шайлоону колдоду.

Шайлоодо ай башында каза болгон Палестин лидери Ясир Арафаттын ордуна жаңы президент аныкталат.
Строу премьер-министр Ахмед Корейи менен кездешкенден кийин, “шайлоонун эркин жана адилет өтүшү үчүн Батыш Иордан жана Газадагы коопсуздук абдан маанилүү экенине Корейи ынанганына” кубанычын билдирди.

Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом шаршемби күнү Жэк Строу менен болгон кездешүүдө Израил өкмөтү палестиндерге шайлоону өткөрүүгө көмөктөшөт деп сөз берген.

XS
SM
MD
LG