Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:08

Иракта дале тынч эмес


Америкалык, британиялык жана ирактык жоокерлер Багдаддын түштүк-батышында шейшемби күнү башталган чабуулдан бери козголоңчу деп шектелген 116 адамды колго түшүрдү. АКШ армиясынын маалымдашынча, жоокерлер шектүү 69 адамды Юсуфия шаарчасынын жанында камакка алган.

Фаллужа шаарында адаватчылардын руханий көсөмү катышкан намаз учурунда, мечиттин сыртында токтоп турган жүк тартуучу машинеге толтура курал кармалганы маалымдалды.

Мамлекеттик министр Касим Дауд Ирактын улуттук гвардиясынын эки жоокери Фаллужада жардыруучу жана уулуу заттарды жасоочу атайын лабараторияны табышканын маалымдады.

Ирактын эл агартуу министрлигинде иштеген АКШнын Мамлекеттик департаментинин кызматкери шаршемби күнү Багдадда өлтүрүлгөнүн Мамдепартамент бүгүн тастыктады.

Самарра шаарында автомобилге коюлган бомба жарылып, Ирак полициясынын алты кызматкери жана алты жолоочу жарадар болду. Бомба АКШлык-ирактык черүү ал жерден өтүп кеткенден кийин жарылган.

XS
SM
MD
LG