Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Ющенконун тарапкерлеринин нааразычылык акциясы уланууда


Украин оппозициясы өлкөнүн Жогорку сотуна москвачыл премьер-министр Виктор Янукович жеңишин жарыялаган президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сурап кайрылды. Оппозиция буга чейин мыйзам бузууларды ырастаган далилдерди жергиликтүү сотторго тапшырган эле.

Оппозициянын үндөөсүн колдоп, бүгүн батыштагы Львов шаарында мугалимдер иш таштоо жарыялашты. Студенттер сабакка чыгышкан жок.

Киевде Виктор Ющенкону колдогон он миңдеген адамдар төрт күндөн бери нааразылык акциясын өткөрүшүүдө. В.Ющенко бүгүн Киевде 100 миңге жакын жактоочусу алдында сүйлөп, тыш өлкөлөрдү президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого, Россияны Украинадагы демократияны колдоого чакырды:

– Бул - россиялык саясатчылар Украинадагы демократияны жана эркиндикти колдоочу мезгил. Россия акырындап, кландар же бандиттер же туруктуу саясатты жүргүзө албаган бийликтер башкарбаган демократиялуу Украинага башкалардан көп кызыкдар экенин түшүнөт деп ишенем.

Президент Путин бүгүн кайрадан Януковичти жеңиши менен куттуктады.

Евробиримдик кечээ түнү жасаган кайрылуусунда Украин бийликтерин шайлоо учурунда кетирилген кемчиликтерди оңдоого чакырган.

Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер Украинадагы шайлоонун жыйынтыгын эл аралык байкоочулардын көзөмөлү астында кайра саноону талап кылды.

Польшанын мурдакы президенти Лех Валенса арачылык кылуу үчүн Киевде жүрөт.

XS
SM
MD
LG