Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

«АККУЛА» АТМАЙДАНЫ КИМДЕРГЕ САТЫЛДЫ?


Кабыл Макеш,Бишкек Бишкектеги «Аккула» атмайданында өтүп келаткан спорттун улуттук түрлөрү жана ат оюндары боюнча мелдештерди көрүүгө чет элдик меймандар, миңдеген жергиликтүү күйөрмандар келип турушат. Жакындан бери мына ушул «Аккула» атмайданы сатылып кетиптир деген сөз тарады.

Бишкек шаарынын Пишпек аймагында жайгашкан «Аккула» атмайданын жалпы аянты 52 гектар. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында өлкөдөгү асыл тукум жылкы чарбалары жоюлуп кеткендиктен, атмайданда күлүктөрдү сыноо да сейректеген. Ал түгүл 200дөн ашуун жылкы багылчу 11 атканасы жана 4 кабат мейманканасы таланып- тонолуп кеткен. Атмайданда бир дагы асыл тукум күлүк калбай, сатылып кеткенин адистер кейип айтып жүрүшөт. Ортодогу айлампанын чөбү да куурап, суу келбей, каралбай калган.

Бул атмайдан мурда айыл чарба министрлигинин курамында болгон жана 1997-жылы акционердик коомго айланган. Ошондон бери «Аккула» атмайданын сактап калуу, эптеп калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө. Акыркы жылдары улуттук спорт оюндары, аламан байге, жорго салыш, кунан чабыш мелдештери өткөрүлүп жүрөт. Айрыкча көкбөрү оюнуна келгендердин саны арбыды. Мына ушул эл байлыгына курулган атмайдан айрым жеке ишкерлерге сатылып кетиптир деген айың кеп тарады.

Бул тууралуу өлкөнүн "Көкбөрү" федерациясынын вице–президенти Темир Дүйшөкеев мындай дейт:

-Спорттук жайларды, эл байлыгы болгон стадион, атмайданды сатууга мыйзам да жол бербейт. Бирок ошол мыйзамды, Конституцияны да Акүйдөгү чиновниктер сактабай, өздөрү бузуп жатат. Эгерде азыркы бийлик өзгөрбөсө, атмайдан да четинен сатыла бермекчи.

"Атканалар бош тургандан көрө саяпкерлерге, жылкы ферманын жетекчилерине сатылып же ижарага берилип, учур талабына ылайык шарт түзүлсө дурус болмок" деген пикирин ат спорту боюнча эларалык калыс Кемелбек Ашыралиев билдирди:

- Мейли, атканалар сатылды дейли. Бирок ошол жайлар эгин, түшүм сактаган кампаларга же машина оңдогон СТОго айланып, жок эле дегенде кой сарайларга айланып кетсе, жылкы чарбасын, тукумун сактап, жакшыртуу максатын аркалабай калса, анда жетекчилери жооп бериш керек. Мындайга жол бербешибиз зарыл. Кыргыз мамлекетинин ат оюндары өтө турган өзүнүн бир ордосу болушу шарт.

Ал эми «Аккула» атмайданынын директору Тынчтык Акматбеков 7-8 жылдан бери өкмөттөн каражат бөлүнбөгөндүктөн атмайданын кармоого кеткен чыгымдарды жабыш үчүн, тонолуп-таланып кеткен атсарайларды калыбына келтирүү максатында айрымдарын ижарага берип, 2-3 сарайды жеке фирмаларга акционерлер менен кеңешип сатышканын моюнга алды:

-Учурда атмайданында 200 жылкы багылууда. Өлкөдөгү асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүүгө багыт алган жеке ишкерлерге аткана сатып, айрымдарын ижарага бергенибиз чын. Бул айла кеткендеги жорук. Өлкөдө мурдакыдай асыл тукум жылкы чарбалары жоюлуп кетсе, анан сарайларды бош кармап, четинен тонотуп жибергенден көрө учур талабына ылайык сатууга аргасыз болдук. Ал эми эмерек куруучу цех куруп жатканыбыз, атмайданында ат жабдыктарын жасоочу ишкана болсо деген тилек менен иш баштаганбыз.

Атмайдандан сарай сатып алышкан «Асыл тукум жылкы чарбасын колдоо» жоопкерчилиги чектелген коому, «Дордой» ассоциациясы жана жеке ишкер Жыргалбек Сурабалдиев таланып-тонолуп кеткен атканаларды калыбынан келтирип, учур талабына ылайык кайра куруп чыгышты.

Дагы 50 күлүк үчүн аткана даярдалып, асыл тукум жылкы өстүрүүчүлөргө ижарага берилгени турат. Орусиянын асыл тукум жылкы чарбаларынан алынып келинген күлүктөр да багылууда. Атмайданы баш оту менен сатылган жок, айрым гана атканалар сатылып, ижарага берилди дейт Тынчтык Акматбеков. Ат майданды колдоого алып, капиталдык ремонттон өткөрүүгө инвесторлор каражат бөлгөнү жатканын да ал маалымдады.
XS
SM
MD
LG