Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Ашыркуловго байланышкан сот отуруму улантылды


БИШКЕК. Бүгүн Биринчи май райондук соту узак мөөнөттүү тыныгуудан кийин коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мисир Ашыркуловго кол салуу фактысы боюнча ишти кароону улантты. Бул күнү сотто айыпкер катары шектелип жаткан Таалайбек Момуновдун ден соолугуна байланыштуу медициналык экспертизанын бүтүмү окулду.

Бүтүмдө айыпталуучуга психикалык саламаттыгы начар деген диагноз коюлган. Бирок отурумда жабырлануучу тарап медициналык-экспертиза бүтүмү менен кеңири таанышуу максатында бир жумалык мөөнөт сурады.

Сотко катышкан Мисир Ашыркуловдун айтымында, бул бүтүм менен сот жабырлануучу тарапты алдын ала тааныштырган эмес, ал эми бүтүмдүн талаша турган жактары бар. Жабырлануучунун суранычы боюнча сот 3-декабрга чейин кайрадан танапис жарыялады.

2002-жылдын 6-сентябрында коопсуздук кеңешинин ошол кездеги катчысы Мисир Ашыркуловду көздөй өз үйүнүн жанында граната ыргытылып, андан Ашыркулов оор жарат алган. Буга байланышкан сот отуруму акыркы жолу ушул жылдын 7-июнунда болуп, анда айыпталуучу тараптын ден соолугун кайрадан текшерүү керек деген сөз болгон.

XS
SM
MD
LG