Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Акаев Януковичти, Тургуналиев Ющенкону колдоп Украинага телеграмма жолдошту


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев Виктор Януковичти Украинанын президентти болуп шайланышы менен кыргызстандыктардын атынан куттуктады. Куттуктоо телеграммасында Акаев эки элдин калыптанган мамилесин терең урматтаарын жана Януковичтин шайланышы менен Кыргызстан-Украина ортосундагы карым-катыш сый-урмат принцибинин негизинде дагы тереңдээрине ишенимин билдирген.

Учурда Украинада эларалык байкоочулар миссиясынын теңтөрагаларынын бири болуп жүргөн «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов президент Акаевдин Януковичке карата мындай тилектештигин шашмалык катары баалады. Анын пикиринде, Украинадагы шайлоодо Виктор Ющенко реалдуу жеңишке жетти жана анын легитимдүүлүгү жакынкы күндөрү аныкталат.

Ал эми Кыргызстандагы «Эркиндик» партиясынын, Адам укуктары жана эркиндиктери институтунун лидери Топчубек Тургуналиев Виктор Ющенконун наамына куттуктоо кат жолдогонун билдирди.

XS
SM
MD
LG