Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

28-ноябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 28-ноябрда Кыргызстанда ала булут каптап, Талас, Чүй, Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын айрым жерлерине жамгыр жаайт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС дубанында түнкүсүн 0…-4 градус суук, күндүз +11…+16 градус жылуу.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн 0…-3 градус суук, күндүз +12…+17 градус.
БАТКЕН аймагында түнкүсүн -1 градус сууктан +4 градуска жылуу, күндүз +8…+13 градустун айланасында жылуу болушу күтүлөт.
ЖАЛАЛАБАД, ОШ облустарында түнкүсүн 0…-1 градус суук, ал эми күндүз абанын жулуулугу +11ден +16 градуска жетет.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –2 градус сууктан +3 градуска жылуу, чыгыш тарабында 0…-5 градус суук болот. Күндүз +7…+12 градус жылуу
НАРЫНДА түнкүсүн –5…-10 градус суук, күндүз +5…+10 градус жылуу.
БИШКЕК шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +15…+17 градус жылуу.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Дилденбай жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG