Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:59

Укук коргоо органдарынын ишине жергиликтүү калктын нааразылыгы күчөөдө


ТАЛАС. Эмгектин экинчи группадагы майыбы, Талас шаарынын тургуну Кыял Кудайкулова Талас облусунун прокурору Анарбек Калматовдун наамына жазган арызында Талас шаардык прокуратурасы анын үстүнөн адилет териштирбей, сурак амалдарысыз, тергөө иштерин жүргүзбөй, айыбын алдын ала угузбай эле ишин сотко өткөрүп жибергендигин билдирген. Арыз катта шаар прокурорунун орун басары Дүйшөн Алиев, мурдагы тергөөчүсү Исраилов аны телефон аркылуу да, көчөдө жолугуп калса да коркутуп-үркүтүп, адамдык укуктарын тебелеп жаткандыгын жазып, ишти мыйзам чегинде териштирүүнү өтүнгөн.

Ал эми «Биримдик» акционердик коомунун айдоочусу Мурат Рысбековдун келтек жегендиги боюнча Талас шаардык милициясы ишти кечеңдетип жаткандыгы жөнүндө бул коомдун инженери Эрбол Алишеров көз карандысыз массалык маалымат каражаттарына арыз менен кайрылган. Облустук прокуратура да, ички иштер башкармалыгы да өз көзөмөлүндөгү уюмдардын мындай кемчиликтери туурасында азырынча арыз ээлерине жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG