2002–жылы алар уруштарды токтотуу жөнүндө өкмөт менен келишим түзүшкөн. Бирок кийинчерээк сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тартышкан эле. Ишемби күнкү билдирүүдө сепаратисттер өкмөттөн тамилдер жашаган райондорго автономия берилишин талап кылышты. Эгер талап каралбаса, уруштар кайра башталат деп эскертилет билдирүүдө.