Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Иракта шайлоо 30-январда өткөрүлөт


Муну бүгүн убактылуу өкмөттүн башчысы Ияд Аллавинин өкүлү билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Хусейн Хендау шайлоо мөөнөтүн өзгөртүүнүн жүйөөсү жоктугун бышыктады. АКШнын Ирактагы элчиси Жон Негропонте шайлоо үчүн өлкөдө тийиштүү коопсуздук камсыз кылынат деп ишендирди. Ирактагы он жетидей уюм, анын ичинде он саясий партия январдагы шайлоону жайга которууну сунуш кылышкан эле. Алардын сунушун борбордук шайлоо комиссиясы талкуулап, четке какты.

Арап-сүннүлөрдүн, күрттөрдүн жана тарсалардын партиялары бу сунуш четке кагылса, январдагы шайлоого байкот жарыялай тургандыгын эскертишкен. Ал эми шейиттердин көпчүлүгү шайлоонун эртелеп өткөнү жакшы, муну менен өлкөдө бийлик чыңдалат деп эсептешет. Бүгүн Багдадга жакын райондордун биринде америкалык бир солдат окко учту.

XS
SM
MD
LG