Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Украин парламенти президенттик шайлоонун экинчи айлампасын жараксыз деп тапты


Жогорку раданын чечимин спикер Владимир Литвин угузду. Токтомдо айтылгандай, 21-ноябрдагы добуш берүү мыйзам бузуулар менен өттү, ошондуктан анын жыйынтыгы элдин ыктыяр-эркин толук туюнта албайт. Бу чечимди колдоп 255 депутат добуш берди. Мындан тышкары борбордук шайлоо комиссиясына ишеним көрсөтпөө жөнүндө да чечим кабыл алынды. Парламент 12-декабрда кайта шайлоо өткөрүүнү, Янукович менен Ющенкого саясий келишим түзүүнү сунуш кылды. Парламенттин бу чечими саясий гана күчкө ээ болот. Виктор Ющенконун арызын эми дүйшөмбү күнү Жогорку сот карайт. Киевде анын тарапкерлери акцияларын улантууда.

XS
SM
MD
LG