Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Журналисттер укуктук маалымат алышты


ЧОЛПОНАТА. Чолпоната шаарында «Журналистика парламенттик шайлоо учурунда» аттуу бир жумалык семинар аяктады. Окуу семинардын ишине кырктан ашуун борбордук жана регионалдык массалык маалымат каражаттарынын журналисттери катышты. Анын башында өткөн шайлоолордун сабактары, шайлоо өнөктүгүндө курч маселелердин маалымат каражаттарында чагылдырылышы жана алдыда боло турган парламенттик шайлоолорду өткөрүүдөгү өзгөчөлүктөр боюнча талкуулар уюштурулду. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын кеңешчиси Бектур Зулпуев Шайлоо кодексине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча массалык маалымат каражаттарынын шайлоолордогу мыйзамдуу аракеттери тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Окуу семинардын машыктыруучулары шайлоолор алдында журналисттердин сот иштерине кириптер болбош үчүн, материалдарды даярдоодогу этияттыктын жана коргонуунун чаралары боюнча эларалык журналистиканын тажрыйбасына негизделген практикалык сабактарды өткөрүштү. Окуу семинары "Сорос-Кыргызстан" фондунун массалык маалымат каражаттарын колдоо программасы тарабынан каржыланды.

XS
SM
MD
LG