БИШКЕК. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган студенттердин жакшы билим алып, мыкты адис болоруна күмөн күчтүү. Аны туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттин комитеттин студенттер арасында жүргүзгөн сурамжылоосу көрсөттү. Сурамжылоого катышкан 200 студенттин 45 проценти жакшы билим алабыз деп ишенбей тургандыктарын билдиришкен. Алардын 21 проценти окутуучулардын пара алганына, 20 проценти жаштардын укугу басмырланганына кабатыр экендигин айтышкан. Сурамжылангандардын 13 проценти кесибине абдан керектүү сабактарды гана окуп, калгандары боюнча бааны пара аркылуу аларын жашырган эмес. Андан тышкары суроого жооп берген студенттердин 9 проценти билим берүү деңгээлин тезинен жогорулатуу зарылдыгын билдиришкен. Мындай маалыматты аталган комитеттин басма сөз катчысы Айнура Каниметова билдирди.