Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:41

166 кенчи шахтада калды


Кытайдын түндүгүндөгү Шэньси провинциясындагы шахтадагы жарылуудан соң жер астында 166дан кем эмес кенчилер калып калганы айтылууда.

«Синьхуа» маалымат агенттигинин кабарына караганда жарылуудан соң куткаруучулар 127 адамды жер үстүнө чыгууга үлгүрүшкөн. Учурда куткаруу чаралары уланууда.

Кытайдын шахталары дүйнөдөгү эң опурталдуу шахталардын катарына кирет. Аталган өлкөдө жылына миңдеген кишилер шахтадагы ар кандай кырсыктардын курмандыгы болушат.

XS
SM
MD
LG