Шайлоо өтө эле жай жүрүп, күндүн жарымына дейре болгону шайлоочулардын он бир пайызы гана добуш берүүгө катышкан.
Шайлоодо мамлекет башчылыгы үчүн 12 талапкер ат салышууда. Алардын негизгилери катары өлкөнүн премьер-министри, социал-демократтар партиясынын төрагасы Адриан Нэстасе менен Бухаресттин шаар башчысы, оңчул-орточул «Адилеттүүлүк жана чындык» партиясынын лидери Траян Басеску айтылууда.
Азыркы президент Ион Илиеску өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келди. Конституцияга ылайык ал үчүнчү мөөнөткө өз талапкерлигин кое албайт.
НАТОнун курамына кирген Румыния 2007-жылы Европа Биримдигине кошулууга үмүттөнүүдө. Евробиримдик румын жетекчилигинен коррупция менен жакырчылыкка каршы күрөшүүнү күчөтүүнү жана сөз эркиндигин жайылтууну талап кылууда.