Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

ТААНЫМАЛ КОМУЗЧУ НАМАЗБЕК УРАЛИЕВДИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ


«Талант тагдыры» түрмөгүнүн бул жолку мейманы таанымал комузчу-аткаруучу, күүчү, республикалык, эларалык көптөгөн фестивалдардын баш байгелеринин жеңүүчүсү Намазбек Уралиев. Ал көгүлтүр көлдүн жээгинде таанымал комузчунун үй-бүлөсүндө туулган. Алты жашынан комуз кармайт.

Чоң атасынан элдик салт күүлөр «Ботой», «Камбаркан», «Шыңгырамаларды» үйрөнөт. Б.Бейшеналиев атындагы искусство институтун бүтүргөн. Улуу комузчулар Карамолдо, Ыбырайдын, Атайдын жана башка шайырлардын классикалык күүлөрүнүн сүрүн учурбай, кайрыктарын өчүрбөй, аттатып-буттатып чертпестен, угуучулардын сезим кылдарын кытыгылагандай чеберчиликте черткен карандай кайрыктары менен терең ойду түшүндүргөн залкар күүлөрдүн чебери. Ага бир нече суроо узаттык:

- Намазбек мырза, 30 жылдан ашык убакыттан бери кыл тырмап, комуз чертип жүрөсүң. Токтогул, Муратаалы баштаган Карамолдонун, Ыбырайдын, Ниязаалынын жана башка шайырлардын баш-аягы жүздөн ашык күүлөрүн аткарат экенсиң. Ошолордун ичинен өзүңдүн көңүлүң түшүп, жан дилиң менен эргип черткен күүлөрдөн бирди аткарып берсең?

- Илгерки өткөн комузчулардын ичинен мага Карамолдо атам менен Ыбырай атамдын күүлөрү өтө жагат. Мен кол ойнотуп черткен айтыш күүлөрдү аткаргандын ордуна терең, татаал кайрыктардагы залкар күүлөрдү черткенди жакшы көрөм. Азыр Ыбырай атамдын «Жаш тилегин» аткарып берейин.

- Намазбек мырза акыркы кезде комуз музыкасына көңүл бөлүнбөй, республикалык кароо-сынактар өтпөй калгандыктын кесепетиненби, өзүңө окшогон комузчулар жаңы күүлөрдү чыгарышпай калды? Бул жөнүндө жеке оюңуз?

- Чындыгында комуз музыкасында көңүл бөлүнбөй эстен чыгып, жаңы күүлөр чыкпай калды. Биринчиден, биздин маданиятты батыштын эстрада музыкасы кара тумандай каптап кетти. Ал болсо таланттуу жаштарды оп тартып алып, элдик музыкага болгон кызыгууну өчүрүүдө. Мына ошондуктан комузга болгон кызыгуу өчүп, жаңы күүлөрдү чыгаруу эмес, байыркы аспапты да эстен чыгарып баратабыз. Өкмөт тарабынан таптакыр каралбай калды. Ошондуктан комуз музыкабыз күндөн-күнгө өчүп, өзүнүн ордун жоготууда.

- Бүгүнкү комуз чертип жүрүшкөн аткаруучуларга эмне чеберчиликтер жетишпейт?

- Менин оюмча азыркы комузчуларга Арстанбектин, Абактын, Карамолдонун, Ыбырайдын салттуу ыкмаларында черте билбегендик жетишпейт. Себеби алардын ыкмалары Алатоонун булагындай таза, жүрөктөрүнөн кайнап чыккан элдик ыкмалар. Азыркы жаштар болсо кол ойноткон күүлөргө берилишип, залкар күүлөрдү аткарууну унутуп коюшуп, айтыш күүлөргө көчүп кетип атышат. Мен ага каршы эмесмин. Бирок залкар күүлөрдү чертүүнү унутпашыбыз керек. Карамолдо «Сынган бугуну» кандай чертсе, элге ошондой чертип берүүгө аракеттенишибиз керек.

- Бишкекке кичинекей уулуңду жетелей келипсиң. Комуз чертеби, ырдайбы? Угармандарга тааныштыра кетсең?

- Канат деген кенже уулум. Жашы алтыда. Ооз комуз кагат. Экөөбүз дуэттешип күү чертебиз. «Көк музоо», «Селкинчек» деген күүлөрдү тасмага жаздырдык. Эми уулум экөөбүз «Көк музоо» деген элдик күүнү аткарып берели.

- Дагы кимдин күүсүн аткарып бересиңер?

- Бурулча биздин чоң апабыз болот. А киши кезинде укмуштай чоң ооз комузчу, шайыр адам болгон. Өзүнүн «Селкинчек» деген күүсүн Кичи Аксуунун Кыргыз деген жайлоосунда айлуу түндө селкинчек тебишкен улан, кыздарга арнап чыгарыптыр. Азыр ошону аткарып берейин.

- Канат, атаң менен бирге «Көк музоо», «Селкинчек» аттуу күүлөрдү аткарып бердиң. Ырахмат. Келечекте сен музыкант болгуң келеби же жокпу?

- Мен музыкант болом.

- Кайсы күүлөрдү жакшы көрөсүңбү?

- «Ботойду», «Кыз кербезди» жакшы көрүп, чертем.

- Ырахмат.
XS
SM
MD
LG