Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:40

Нарындыктар пикетке чыгышты


НАРЫН. Турсунбек Акундун агасы Туратбек Акунов жана эжеси Алый Үшүрова, 80 жаштан ашкан (баккан) атасы Акун аксакалдын ооруп баспай калгандыгын билдиришти.

-Турсунбек көп күндөн бери, он алтысында чыккан бойдон жок. Суроо салып, келип атабыз. Жок дегенде бийлик тарабынан карап, чакырып кеткенден кийин үйүнө кайра жиберип жибербейби. Атасы чыкпай калды, ыйлап атат, бүгүн келе албай койду,-деди Туратбек Акунов. -Эл-журт, калайык калк, инимди таап бергиле, жардамдашкыла, мен башка айтар эч нерсем жок. 82 жаштагы атасы ыйлап атат, баспай калды.

Келини Юбилейна Юсупова болсо алакандай Кыргызстандан жоголгон адамдын эмдигиче табылбай жаткандыгына тынчсызданды:

-Кенедей Кыргызстан Казакстадын бир облусундай эле жер, алакандай Бишкектен бир кишини таба албай жатабыз. Өкмөттөн жардам сурайбыз бизге ошол кишини табышканга. Аман-эсен үйгө келишин күтүп атабыз барыбыз.

Ал эми иниси Турусбек Мусабеков:

-Мен бийликтен байкебизди таап берсе деп гана өтүнөм. Андан башка сөзүм жок,-деди.

Пикетчилер бир сааттай убакыттан кийин тарап кетишти.

XS
SM
MD
LG