Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

СПИДке каршы күрөш боюнча улуттук семинар башталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Глобалдык фонддун СПИДке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча долбоорун ишке ашыруунун алкагында 5 күндүк улуттук семинар башталды. Анын негизги максаты: Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясынын жайылышын алдын алуу пландарын иштеп чыгуу, бул илдет менен ооругандарды дарылоо ыкмаларына өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын адистерин үйрөтүү.

Аталган семинар Глобалдык фонддун каржылык жана техникалык колдоосу жана Бишкектеги СПИД борбору тарабынан уюштурулууда. Жыйынды Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери өткөрүшүүдө.

Глобалдык фонддун маалыматтары боюнча буга чейин СПИДден дүйнөдө 20 млн. адам каза болгон. Учурда жер жүзүндө 36 миллионго жакын адам ВИЧ-инфекциясына чалдыккан. Кыргызстанда, ырасмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө 610 адам ооруйт.

XS
SM
MD
LG