БИШКЕК. «Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа кыймылы» саясий бирикмесиндеги КДК, «Кыргызстан коммунисттери», «Асаба», «Республика» ,«Эркин Кыргызстан» жана башка партиялар, «Кыргызстан патриоттук кыймылы», бир катар укук коргоо уюмдары президент Аскар Акаевди бийликтен мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча кол топтоо акциясына киришти. Президентти отставкага кетирүү боюнча кол топтоону 16-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан укук коргоочу Турсунбек Акун баштаган эле.
Акция өлкөнүн жер-жерлеринде аталган кыймылга кирген саясий партиялардын бөлүмдөрү тарабынан жүргүзулүүдө. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев билдирди.
"Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа кыймылы" 26-ноябрда элге жана президентке кайрылуу жолдогон. Анда өлкөнүн тартип коргоо органдары тарабынан белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун 29-ноябрга чейин табылсын деген талап коюлган. "Эгерде ал талап аткарылбаса Акаевди бйиликтен кетирүү боюнча кол топтоо акциясы улантылат" деп эскертилген кайрылууда.