Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:02

Румыниядагы шайлоонун добуштары саналууда

Румынияда жекшембиде өткөн президенттик жана парламенттик шайлоонун биринчи айлампасынын добуштары саналууда.

Добуштардын тең жарымы саналагандан кийинки маалымат боюнча парламенттик шайлоодо бийликтеги социал-демократтар партиясы 35 пайыз добуш алган. Либералдар жана демократтар ынтымагы 32 пайыз добушка ээ болгон.

Ал эми мамлекет башчылыгы үчүн күрөштө социал-демократтар партиясынын төрагасы, өлкөнүн премьер-министри Адриан Настасе 39дай пайыз добуш менен алдыда. Анын негизги атаандашы - Бухарест шаарынын башчысы Траян Басеску 35 пайыз добуш менен экинчи орунда келатат. Өлкө башчылыгы үчүн бардыгы болуп 12 талапкер ат салышкан.

Азыркы президент Ион Илиеску өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келди. Конституцияга ылайык ал үчүнчү мөөнөткө өз талапкерлигин коё албайт.
XS
SM
MD
LG