Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Кыргызстан укук коргоо кыймылынын Таластагы бөлүмү билдирүү таратты


ТАЛАС. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын Талас облустук бөлүмүнүн координатору Мурат Курманалиевдин 30-ноябрда «Азаттыкка» билдиргенине караганда Турсунбек Акун өмүрүнө капысынан коркунуч туулгандан улам Таласта жашыруун кармалып жатышы да ыктымал. Анткени 2000-жылдагы паламенттик шайлоодо Турсунбек Акун өз талапкерлигин Таластан коюп, шайлоонун биринчи турунда төртүнчү орунга жетишип, таластыктардын зор колдосуна ээ болгон, дейт Мурат Курманалиев. Ошондуктан анын өмүрү коркунучка кабылары билинген соң, аны таластык ишенимдүү саналаштары калкалоого алышы да мүмкүн. "Бирок бул божомол мыйзам сакчыларынын аракеттеринен азырынча эч майнап чыкпай жатканынан кийинки айла кеткендеги үмүт", дейт Курманалиев.

Ал ошондой эле "Турсунбек Акундун дайынсыз жоголушунун себептери эртеби-кечби билинет. Эгерде бул ишке атайын кызматтын аралашканы белгилүү болсо анда Кыргызстандын он үч жылда кашыктап чогулткан демократиялык кадыр-баркы чөмүчтөп чачылганы", дейт.

XS
SM
MD
LG