Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Ошто ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 312ге жетти


ОШ. "ХХ кылымдын чумасы" аталган бул ооруга каршы күрөшүүнүн чаралары жана облустагы жалпы абал боюнча бүгүн Ош облустук мамлекеттик администрациясында маалымат жыйыны өттү. Анда облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Светлана Зыябекова 1-декабрь СПИДке каршы күрөшүүнүн эларалык күнүнө карата облустун аймагында өткөрүлүүчү бир жумалык иш чаралардын планы жана учурда калкка маалымат жеткирүүнүн деңгээли боюнча атайын билдирүү менен чыкты.

Ал эми Оштогу СПИД борборунун башкы дарыгери Мамаев республикадагы ВИЧ-инфекциясын жугузуп алгандардын үчтөн экиси Ош облусунда экендигин айтып, бул багытта аймактагы абал кооптуу бойдон калып жаткандыгын билдирди. Оштогу СПИД борборунун маалыматына караганда ВИЧти жугузуп алгандардын 18 пайызга жакынын сойкулук менен алектенген "түнкү көпөлөктөр" түзөт, ал эми калган көпчүлүк - ийне аркылуу маңзатын пайдалануудан жугузуп алгандар.

XS
SM
MD
LG