Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Турсунбек Акундун жакындары ачкалык жарыялашты


БИШКЕК. 30-ноябрда укук коргоочу Турсунбек Акундун дайынсыз жоголгондугуна он төрт күн толду. Буга байланыштуу аны издөө жана анын укугун коргоо үчүн түзүлгөн комитеттин үч мүчөсү, тагыраак айтканда, комитет жетекчиси Нурлан Мотуев, Турсунбек Акундун жакындары Болот Айдаров жана Нурлан Алымкулов ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу алар бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында айтышты.

Ушул эле күнү Турсунбек Акундун үй-бүлөө мүчөлөрү, жакын туугандары Акүйдүн алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар бир нече күндөн бери күн сайын Ак үйдүн алдына пикетке чыгышып, аткаруу бийлигинен Турсунбек Акунду таап берүүнү талап кылышууда.

Укук коргоочу мамлекет башчы Аскар Акаев өлкөнү башкарып турган мезгилде кыргыздын 130 миң гектар жери Кытайга берилди, Аксы окуясында алты адам атылды жана өлкөнүн эң кирешелүү тармактары мыйзамсыз менчиктештирилип, өлкөгө чоң суммада зыян алып келди» деп үстүбүздөгү жылдын биринчи ноябрынан Бишкектеги эл көп топтолгон жерлерде Аскар Акаевди кызматтан кетирүүнү каалаган адамдардын колуп топтоп жаткан.

Аткаруу бийлик өкүлдөрү Турсунбек Акундун жоголушуна эч кандай катышы жок экендигин буга чейин ырасмий түрдө билдиришкен.

XS
SM
MD
LG