БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстан менен парламенттик жана президенттик шайлоонун алдында тыгыз кызматташат. Бул шайлоолор мурдагы шайлоолорго караганда ачык, акыйкат өтөт. Мындай пикирин бүгүн ЕККУнун азыркы төрагасынын атайын өкүлү Мартти Ахтисаари Бишкекте маалымат жыйынында билдирди.
Ахтисаари ЕККУ Кыргызстанда шайлоолор ачык, демократиялык принциптердин негизинде өтүшү үчүн техникалык жардамдарды көрсөтөөрүн да айтты. Ал ошондой эле президент Аскар Акаев менен дүйшөмбүдө болгон жолугушуусунда Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын комиссияны түзүү, коопсуздук, эл аралык терроризм, маалымат каражаттарынын эркиндиги, адам сатуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөр болгондугу жөнүндө маалымдады.
Ушул эле күнү Мартти Ахтисаари Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.