Ага Ирактын, Ирандын, Сауд Аравиясынын, Кувейттин, Сириянын, Түркиянын, Иорданиянын, Египеттин, ошондой эле ООНдун өкүлдөрү катышууда. Сүйлөшүүлөрдө Ирак проблемасы, региондо коопсуздукту камсыз кылуунун маселелери талкууланууда. АКШ Иранды ар кошкон террорчуларга Иракка өткөнгө көмөктөшүп жатканы үчүн айыптоодо, Тегеран болсо бир миң алтыжүз чакырымдай чек араны ишенимдүү күзөткөнгө чамасы жетпей жатканын моюнга алган.