Тибеттиктердин диний лидери соңку сегиз жылдан соң Россияга биринчи ирет ибаадат озуйпасы менен келди. Орус тышкы иштер министрлиги ага көпкө чейин виза бербей жатып, акыры макул болгон эле. Далай-лама бүгүн Элистадагы таатканада бутпарас динин туткан миңдеген калмактар менен чогуу ибаадат өткөрдү.