Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Румынияда оппозициянын лидери кайра шайлоо өткөрүүгө чакырды


Бухаресттин шаар башчысы Траян Бэсеску жекшемби күнкү президенттик шайлоодо премьер-министр Адриан Нэстасеге өкмөт 160 миңдей добушту кошуп жазып койду деп эсептейт. Ал борбордук шайлоо комиссиясынан бул добуштарды санактан тезинен алып салууну, ал эми буга жол берген адамды камакка алууну талап кылды.

Президенттик шайлоодо премьер-министр Адриан Нэстасе - 41, анын атаандашы Траян Бэсеску – 31 процент добуш алды. Шайлоонун экинчи айлампасы 12-декабрда болушу керек. Ал эми парламенттик шайлоодо, алгачкы жыйынтыктарга ылайык, башкаруучу социал-демократтар добуштардын 36 процентин алышты. Алардын негизги атаандашы “Акыйкат жана чындык альянсын” шайлоочулардын 31 проценти колдогон. Парламентке мындан тышкары улутчулдардын, ошондой эле Румыниядагы мажарлардын партиясы да өтүшү мүмкүн. Азыр жалпы добуштардын 90 проценти саналып бүттү.

XS
SM
MD
LG