Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Украинада саясий кризис уланууда


Жогорку сот эки күндөн бери оппозициянын кандидаты Виктор Ющенконун доо арызын карап жатат. Премьер Януковичтин адвокаттары арызга тиркелген документтер менен таанышып чыкканга убакыт берүүнү суранган эле, сот бу өтүнүчтү четке какты. Парламент болсо өкмөттүн, ички иштер министри менен башкы прокурордун отставкасы жөнүндө Ющенконун талабын колдогон жок. Башкы прокуратура конституциялык түзүлүшкө жана өлкөнүн бүтүндүгүнө кооп туудурган фактылар боюнча кылмыш ишин козгоду. Донбассты Украинанын составындагы федеративдүү республика кылып жарыялоо боюнча 5-декабрга белгиленген референдум кийинкиге калтырылганын областтык администрациянын башчысы Анатолий Близнюк билдирди.

XS
SM
MD
LG