ТАЛАС. Демократияга колдоо көрсөтүүчү Кызыладырдагы маалымат борборунун техникалык көмөгү аркасында Карабуура районундагы «Фаворит» спорт клубунун ынтызарлары райондун борборундагы үч орто мектепте , бир лицейде СПИД туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ушул темадагы 200 баракчаны, 27 плакатты райондун мектептерине таратып беришти. Облустук «Кызыл жарым ай» коому репродуктивдүү ден соолук альянсынын Талас бөлүмү, обладминистрациянын жаштар саясаты бөлүмү менен бирдикте Талас университетинде ВИЧ-СПИД проблемасы боюнча оюн-зоок, конкурс түрүндөгү санитардык агартуу иш чарасын өткөрдү. Коңшулаш Казакстандын Жамбул облусунда СПИДке чалдыкккандардын саны улам көбөйүп баратат. Бирок, Таласта азырынча ооругандар жок.