Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

Маалымат каражаттарын колдоого 100 миң доллар берилди


БИШКЕК. Евразия фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү АКШнын ЮСАИД агенттигинин колдоосу менен «Интерньюс» коомдук бирикмесине 100 миң доллар грант бөлүп берди. Өз кезегинде «Интерньюс» конкурс жарыялап, ал каражатты конкурста жеңип алган алты маалымат каражаттарынын финансылык ишемердүүлүгүн жакшыртууга жумшамакчы. Бул максатка жетүү үчүн грант алган уюм тандалып алынган маалымат каражаттарынын жетекчилигин салык, финансы иштерин жүргүзүүгө окутмакчы. Бул тууралуу «АКИпресс» маалымат агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында Евразия фондунун өкүлү Шакират Токтосунова билдирди.

XS
SM
MD
LG