Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:32

Эл өкүлдөрү 13-декабрда сессияга чогулат

БИШКЕК.Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын 23-сессиясынын экинчи баскычы мурда кабарлангандай 7-декабрда эмес 13-декабрда башталат. Мындай маалымат аталган палатанын басма сөз кызматынан алынды. Сессияда бул жолу 20дан ашык маселени караары болжолдонууда. Алардын арасындагы башкы маселе 2005-жылдын бюджети жөнүндөгү мыйзамды экинчи окууда талкуулап, кабыл алуу. Андан тышкары Бишкекте административдик-ишкер борбордун курулушу, энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү баскычы, анын ичинде «Түндүкэлектр» ишканасын концессияга берүү сыяктуу бир катар талаш-тартыштуу маселелер каралат.
XS
SM
MD
LG