Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

АКШ конгрессмени Борбор Азиядагы демократияга баа берди


БИШКЕК. АКШ Конгрессинин мүчөсү, өлкөнүн Хельсинки комиссиясынын төрагасы Кристофер Смит Борбор Азиядагы өлкөлөр Европа жана Евразиядагы мамлекеттердин ичинен адам укугун одоно бузгандардын алдыңкы сабында деп билдирди. Ал мындай пикирин Конгресстин расмий басылмасынын 20-ноябрда жарык көргөн санында жарыялады. Мындай маалыматты бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги таратты. Конгрессмендин пикири боюнча эмдиги жылы парламенттик жана президенттик шайлоого даярданып жаткан Кыргызстан жакын арада Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен өзгөчө кызыгууну туудурган өлкөлөрдүн бири. Буга президент Аскар Акаевдин шайлоого катышпайм деп айтканы да кошумча болот. Бирок, Акаев мындай чечимин өзгөртүүгө болорун каңкуулап, өтө этияттана айткандыгын баса белгилеген конгрессмен: -Эгерде президент Акаев кайрадан шайлоого бара турган болсо өлкөдө карама-каршы кырдаалды жаратаарын, барбай турган болсо өз мураскерин атоосу керек экендигин билдирүү менен, бирок ал да элдин нааразылыгын пайда кылаарын баса белгилеген. Акаев кандай чечимге барса да, ал Кыргызстандан сырткары жактарга да таасир берээрин айткан.

XS
SM
MD
LG