НАРЫН. Укук коргоочу Турсунбек Акунду табууну талап кылган пикетчилер менен 1-декабрь күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков жолугушту. Ал: «Турсунбек Акун жөнүндө мен сессияда сунуш кылып, азыр комиссия тактап атат», - деген депутат Ишенбай Кадырбековго Турсунбек Акундун дайынсыз жоголушуна саясаттын, оппозициянын же үчүнчү күчтүн таасири болгондугун айтуу кыйын экендигин билдирди. Ал эми укук коргоочунун бир тууган карындашы Жамийла Мусабекова ачкачылык уюштурарын жана Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун «аны Өзбекстандан издөө керек го» дегенине макул эместигин билдирди.