БЕЛГРАД. Сербиянын президенти ага жасалган кол салуу реформаларды токтотпой турганын билдирди. Бүгүн Сербиянын президенти Борис Тадичтин кеңесеси кечээ президент кол салуудан аман калганын билдирген. Кечээ кечинде Белграддын көчөсү менен бараткан президенттин машинесин "Ауди" үлгүсүндөгү кара түстөгү автомашине бир нече жолу сүзгөнгө аракеттенген. Натыйжада президенттин машинесин коштоп бараткан автоунаа кыйрап калган, ал эми бейтааныш "Ауди" болсо качып кутулган. Тадич бул кол салууну анын керт башына эле байланышкан окуя эмес, өлкөдөгү реформаларга бут тосуу аракети катарында сыпаттады.