Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Румыниядагы шайлоодо бийликтеги партия жеңишке жетти


БУХАРЕСТ. Жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо Румыниянын экс-коммунисттери добуштардын 36.6 процентине жетишип, жеңишке ээ болду. Ал эми оппозициядагы либералдар менен демократтар шайлоочулардын 31.3 процентинин колдоосун алышты. Ошол эле жекшемби күнү өткөрүлгөн президенттик шайлоодо шайлоочулардын кеминде 41 процентинин колдоосун алган премьер-министр Адриан Настазе алдыга чыкты. Анын атаандашы Трайан Басеску добуштардын 34 процентин алды. Шайлоонун экинчи туру 12-декабрда өткөрүлөт. Бирок Трайан Басеску шайлоодо мыйзам бузуулар орун алды, деген кине менен кечээ анын жыйынтыгын жараксыз деп жарыялоону талап кылды. Анын бул талабын Борборшайлооком четке какты.

XS
SM
MD
LG