Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

САЛИЖАН ШАРИПОВ. КОСМОС. САТУРНДУН ЖАНДООЧУСУ ТИТАН


Муса Мураталиев, Москва Дүйшөмбү күнү эл аралык космостук станцияда «Союз ТМА-5» космостук кемени «Пирс» модулдан айдап чыгып,аны бортко кайра кошуу ийгиликтүү өттү. Аны америкалык астронавт Лерой Чиао менен орусиялык космонавт Салижан Шарипов жүзөгө ашырышты. Учуунун борбордук башкаруу (ЦУП) жетекчисинин орун басары Виктор Благов айтканга караганда, мындан ары космонавттар станциянын тышына чыгып иштеп кайра кирип жүрүү ушул, «Союз» кемеси кошулуу турган борт аркылуу болуп турат. Ал жумушту аткарууда кыргызстандык Салижан Шарипов ишин өзгөчө мыкты аткара алгандыгын көргөзүп ЦУПтун ичинде тургандардын дүркүрөтө кол чаап, алкыш айтуусуна татыктуу болду.

Космонавтар буга дейре “Союз” кемеси аркалуу тышка чыгып иштеп андан кайра кайра ошол кеме аркалуу ичке кирип турчу экен. Ошол үчүн аны модулдун башка капталына алып барып байлоо болгон. Аны америкалык астронавт Лерой Чиао менен жердешибиз - космонавт Салижан Шарипов 16 саттын ичинде ишке ашырышкан.

Алар убактысынын көбүн кемени модулдан чечип кайра аны жалгоого кетиришкен. Болбосо чечилген “Союз” кемени жердешибиз Салижан Шарипов колго салып башкарып, айдап модулдун башка капталына өтүү үчүн 20 мүнөткө чукул убакыт короткон.

Салижандын иши ыкчам болгондуктан, ЦУПта болжоп атышкан 27 кадак отундун ордуна 9 кадак отун коротулган. Учууну башкаргандарды катуу кубандырганы ушул болгон. Эмне дегенде, ар бир кадак отунду космоско ташып баруу абадан кымбатка түшөт экен.

Учуунун борбордук башкаруу (ЦУП) жетекчиси Владимир Соловьевдин айтканына караганда:

- Экипаж мүчөлөрү ишин мыкты аткарышты. Космонавтарды даярдоо Борбору менен бирге туруп, биздин баалообузда, бул иш, артында көптөгөн кошуулары бар беш деген баага татырлык болду, - деди.

Эл аралык космостук станцияны дегинкиси Америка менен Орусия куруп атышат. Бирок космосту изилдөө буга дейре эле жүргүзүлүп келаткан иш. Советтер өлкөсү алгач болуп кишини космоско учуруу жасаса, АКШ алгач болуп кишини айга кондурганы баарыга белгилүү.

Ага окшогон жетишкендиктердин кезектегиси катары америкалык алыска сапар тарткан кеменин Сатурнга жетип көп жолу конушу болду. Эң кийинкиси, мына, кеткен айдын жакасында, (06 ноябрь,2004) “Кассини” чакан кемесинин Жерге абдан окшош Титандын дидаарын тартып жерге жибериши болду.

Айта кетчү жери, Титан – Сатурн планетасынын эң чоң жандоочусу. Ал Жер шарына окшош болгондуктан ага окумуштуулар көп кызыкчу. Ошол Титандан түстүү сүрөт келди. Ошол “Кассини” чакан кемеси жеткирген сүрөттөрдө Титан атмосферасын булут жаап, жеринин үстүн мухит каптап чалкып жатат.

Бирок окумуштуулар айтканга караганда, анын баары метан экен. Ошондуктан, маселен, тыштын суугу 190 градуска жетет дешет. Илимпоздор, ошого карабай Титанда киши жашоого болот деген ойго келишкен.

Орусиялык илимдер академиясынын астрономия институтунун илимий ага кызматкери Михаил Смирновдун айтканына караганда:

- Титандагы муздактык анча эмес. Анын үстүндө метандын суюк бойдон турушуна мүмкүндүк берип атат. Ал эми метан суюк болгондон кийин, ал метан көлү - мухиттин астында жандык болушун мүмкүн. Албетте, ал жандыктар Жер шарындагыдай эмес, бирок жандык болушу күмөн санатпайт, - деди окумуштуу.

XS
SM
MD
LG