Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Тегеранда Ирак маселеси боюнча эки күндүк конференция аяктады


Кечээ күнү Тегеран шаарында Ирак маселесине арналган эки күндүк конференция аяктады, ага Ирактын кошуна мамлекеттеринин өкүлдөрү катышты. Ирак өкмөтү кошуналарга кайрылып, өлкө ичинде аракеттенген согушкерлерге сырттан каржылоо өтпөгөндөй шарт түзүүгө чакырды. Ирактагы шайлоо 30-январда өтүүгө тийиш жана АКШ өкмөтү өлкөдөгү америкалык аскерлердин санын азыркы 138 миңден декабрдын аягына чейин 150 миңге чейин көбөйтө турганын кечээ күнү билдирди. Кечээ күнү Самарра шаарында куралдуу кагылышуу чыгып, Ирак Улуттук гвардиясынын төрт аскери курман болду.

XS
SM
MD
LG