БИШКЕК. Шайлоодо добуш берүүдөн мурун шайлоочунун сол колунун баш бармагына белги коюу жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгарууну колдогон атуулдардын колун чогултуу уланып, азыр анын саны 10 миңден ашты. Мындай маалымат бүгүн кол топтоо демилгесин көтөргөн бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиевадан алынды. Анын билдирүүсү боюнча, кол топтоочу демилгечи топтун өкүлдөрү азыр Баткен облусундагы шайлоочулардын колун жыйнап жатат. Андан кийин алар Ысыккөл, Нарын облустарына барат. Ал эми бул коомдук уюмдун белги коюу жөнүндөгү мыйзамдын Конституцияга карама-каршы келээр келбесин териштирип берүүнү өтүнгөн арызын Конституциялык сот качан карары белгисиз. Токтайым Үмөталиева башында турган ассоциация өткөн жуманын башында берген арызда белги коюу шайлоочунун адамдык укугун басмырлап,ири каражатты коротоорун да билдирген. Ал эми ЕККУнун төрагасынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Марти Ахтисаари Кыргызстандагы ушул жума башындагы визити маалында белги коюу добуш берүүнүн ачык жана калыс болушун шарттай турган эң жөнөкөй ыкма деп колдоорун билдирген.