Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Жалалабад облусундагы адам укугун коргоочулар этияттана баштады


ЖАЛАЛАБАД. Бийлигин сактап калууну көздөгөн кыргыз бийлигинен ага каршы иштесе түрдүү нерселерди күтүүгө болот. Анын далилин Аскар Акавдин кызматтан кетүусү үчүн борбордо кол топтогон патриоттук кыймылдын башчысы Турсунбек Акундун 15 күн жоголуп, күтүүсүз табылышы ырастап койду. Жогорудан көрсөтмө берилбесе ички иштер жана Улуттук коопсуздук адистери жөн-жай жүргөн адамдар менен иши болбойт. Адам укугун урматтаган өлкөдө ураан чакырыгы менен иш жүзүндө адам укугу сакталбайт. Ушундай пикирлерди 5-декабрда билдирген укук коргоочулардын ою боюнча адам укугун сактоочулардын укугун коргоодо маанилүү болуп калды. Борбордук уюмдарынын атайын иш-жай, эмгек акы, башка каражаттар менен камсыз кылбагандыгынан «Кыргызстан адам укугун коргоо» комитетинин экиге бөлүнгөн уюмдарынын иши солгун болуп жатат.

XS
SM
MD
LG