Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Ырчы соттолууда


БИШКЕК. 27-ноябрда «Айчүрөк» дүкөнүнүн жанында ырдап жаткан жеринен кармалган ырчы Сагынбек Момбековго каршы ачылган ишти Бишкектин Свердлов райондук соту бүгүн карай баштады. Сот бул күнү Сагынбек Момбековдун күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрүн уккандан кийин ишти кароону белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырды. Буга Сагынбек Момбековдун сот жараяны кыргыз тилинде өтсүн деген талабы себеп болду. Ишти карап жаткан судья Гүлзар Суталинова Сагынбек Момбековго каршы ачылган иштеги документтердин баары кыргыз тилинде болуусун талап кылып, аны даярдоону ырчыны кармап ишин сотко берген Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырды. Ал эми Сагынбек Момбеков Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын башчысынын орун басары Петр Тяблинге жана Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине каршы сотко доо арыз берерин билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, Петр Тяблин ал ырдап жатканда «Кармагыла» деп буйрук берип, милиционерлер күч менен алып кетип, адамдык ар-намысына шек келтирип, беделин түшүргөн.

XS
SM
MD
LG