Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Т.Акундун табылышына көз караш ар кыл


БИШКЕК. Укук коргоочу Турсунбек Акундун табышмактуу жоголуп табылышына кыргыз саясатчыларынын пикири ар кыл. «Ар намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин билдирүүсү боюнча, укук коргоочунун жоголушу кимдин колунан келип, кандай максат менен жасалгандыгына баа берүү азыр эртелик кылат. Мындай бааны тергөө иши аягына чыккандан кийин гана айтуу зарыл. Анткени, Турсунбек Акун кармап кеткен үч адамдын бирин тааныйм дегенден кийин ал ким экендигин, кандай максат менен мындай аракетке баргандыгын тартип коргоо органдары так иликтөөгө милдеттүү. Ошодон улам партия бул окуянын дыкат иликтенип, так маалымат берилишин тартип коргоо органдарынан талап кылаарын билдирди. Ал эми бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева укук коргоочунун кандай болуп табылаары күн мурунтан белгилүү болчу, анткени,бул рекламалык оюн деп билдирди. «Буга Турсунбек Акун жоголордон мурун Жумгалга барган кезинде саясий ишмердиги үчүн бийликтегилер куугунтукка алган жатышат деп айтканы далил», - дейт Токтайым Үмөталиева.

XS
SM
MD
LG