Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Оппозиция Т.Акундун жоголуп табылышы боюнча бийликтин баасына макул эмес


БИШКЕК. Адам укуктары жана эркиндиктери институтунун жетекчиси Топчубек Тургуналиев менен Элдик-патриоттук кыймылдын лидерлеринин бири Нурлан Мотуев Турсунбек Акундун жоголушун саясий оюн деп баалаган Улуттук коопсуздук кызматынын бүтүмү менен макул эмес. Бул тууралуу алар бүгүнкү маалымат жыйынында билдиришти. Топчубек Тургуналиевдин айтымында, укук коргоочунун жоголушу боюнча тергөө иши бүтө электе Улуттук коопсуздук кызматынын аны саясий оюн деп баалоосу мыйзамсыз. Андан тышкары Топчубек Тургуналиев дарыгерлердин Акундун ден соолугу канааттандырарлык деген бүтүмүнө макул эместигин билдирип, анча күчтүү эмес газ менен ууланган болсо ал 3-4 күндүн ичинде тарап, кийин башына жана башка маанилүү органдарына терс таасир берерин белгиледи. Ал эми Нурлан Мотуев бийлик укук коргоочунун Акаевди кызматтан кетирүү үчүн топтолгон элдин колун тартып алып, бул ниетинен кайтаруу үчүн кармап кетти деп билдирип, кыймыл кол топтоону улантаарын жарыя кылды. Алар андан тышкары Улуттук коопсуздук кызматы эл аралык уюмдар менен коомчулуктун басымынан жана ачкачылык акциясынан чоочулап, Турсунбек Акунду бошотууга мажбур болду деп билдиришти.

XS
SM
MD
LG